БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Көк бөрү же улак тартыш оюну кылымдардан бери кыргыздын кан жаны менен бирге муундан-муунга мурас катары берилип келет.
Көк-Бөрү федерациясы менен биргеликте Sputnik агенттиги 2015-жылкы оюндарда ийгиликке жетишкен командаларды жана оюнчуларды аныктады.
2015-жылы болгон беттештерде эң көп упай топтогон беш командалардын тизмеси төмөндөгүдөй:
1. "Сары-Өзөн", 9750 упай. Команданын жетекчиси Рамис Жунусалиев, машыктыруучусу Шекитов Эрмек;
![Команда по кок-бору Сары-Озон Команда по кок-бору Сары-Озон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102087/09/1020870935_0:0:5184:3456_600x0_80_0_0_b659e8e9205988139d4ef0d7e4e464a5.jpg)
2. "Бөрүлү", 8400 упай. Команданын жетекчиси Касымбек Кубатов, машыктыруучусу Самат Кушчугулов;
![Команда по кок-бору Борулу Команда по кок-бору Борулу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102087/07/1020870720_0:0:5091:3394_600x0_80_0_0_97808680984254e407ea05c6527d168c.jpg)
3. "Талас", 7450 упай. Команданын жетекчиси Талас Бегалиев, машыктыруучусу Ислам Тазабеков;
![Команда по кок-бору Талас Команда по кок-бору Талас - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102087/10/1020871082_0:0:5110:3407_600x0_80_0_0_605b32f3143373f03feb6ac801b7bc66.jpg)
4. "Достук", 1900 упай. Команданын жетекчиси Мыктыбек Куташов, машыктыруучусу Байыш Ниязов;
![Команда по кок-бору Достук Команда по кок-бору Достук - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102087/05/1020870586_0:0:1845:1038_600x0_80_0_0_ba1bbbc4edd6bde362d65f32b80e1185.jpg)
5. МВД командасы, 1900 упай. Команданын жетекчиси Аскат Сулайманов, машыктыруучусу Табылды Шекитов.
![Команда по кок-бору МВД Команда по кок-бору МВД - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102087/06/1020870660_0:0:1850:1041_600x0_80_0_0_3c3be8a957785e2b4bcbca156ddcd2b3.jpg)
Жетинин бири кыдыр деп кыргызда айтып келгендей 2015-жылкы оюндардын жыйынтыгы боюнча тай казанга эң көп улак таштаган оюнчулар төмөндөгүдөй болуп аныкталды.
- Рустам Тыналиев, 39 улак – "Сары Өзөн" командасы;
- Нурмамбет Койчукеев, 32 улак – "Сары Өзөн" командасы;
- Манас Ниязов, 26 улак – "Достук" командасы;
- Урмат Мусаев, улак 25 – "Сары-Өзөн" командасы;
- Кубаныч Султан уулу, 19 улак – "Сары-Өзөн" командасы;
- Байыш Ниязов, 17 улак – "Достук" командасы;
- Мирлан Сраждинов, 14 улак – "Бөрүлү" командасы.
Учурдагы эреже боюнча оюн талаасына эки командадан төрттөн оюнчу катышат. Ошондой эле, оюндун жүрүшүнө негизги бир калыс жана капталдагы эки калыс көз салат. Оюн 20 мүнөттөн үч тайм ойнолот. Ар бир оюндун ортосундагы тыныгуу 10 мүнөттөн. Жарым финалдык жана финалдык оюндарда жеңүүчү аныктоо үчүн хоккейдегидей буллит болот. Андан сырткары оюн эрежеси одоно бузлган учурда дагы буллит дайындалат. Көк бөрүдөгү буллит бир тай казандан кийинки тай казанга улакты чаап барып ыргытуу керек. Улакты алган оюнчу чаап жөнөгөндөн кийин атаандаш командадан бир оюнчу артынан кууп барып улакты тартып алыш керек.