БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстанда чекке жеткен жакырчылык 4,5 эсеге азайганын Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эгер мындан беш жыл мурун калктын 5,3 пайызы жакырчылыктын жеткен чегинде жашаса, 2015-жылы бул көрсөткүч болгону 1,2 пайызды түзгөн. Чекке жеткен жакырчылык бул мезгил аралыгында 1 миң 466 сом деп белгиленди.
Муну менен бирге жакырчылыктын чегинен өтүп жашаган кыргызстандыктардын саны 33,7 пайыздан 30,6 пайызга чейин кыскарган. Учурда бул чек 2 миң 485 сомго бааланууда.
Министрлик мында жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк берген кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) көлөмү жогорулаганын белгилейт. Эгер үй-бүлөнүн кирешеси анын бир мүчөсүнө тийиштүү 2 миң 485 сомдон төмөн болсо, анда ал мамлекеттен жөлөк пул алууга акылуу болот.
Беш жылдын ичинде КМК — 370 сомдон 810 сомго чейин эки эсеге көбөйдү.