БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Сокулукта баңгизатын байпагына катып жүргөн жаран кармалганын Чүй ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Гавриловка айылынан 29 жаштагы жаран токтотулган. Текшерүү маалында анын байпагынан кагазга оролгон 25 грамм баңгизат табылып, анын марихуана экени аныкталган.
Учурда кошумча териштирүү иштери жүрүп, кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат.