БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип жатат.
Парламенттин расмий сайтында "Өнүгүү — Прогресс" ракциясынан депутат Мирлан Бакиров демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга алынып чыкты.
Депутат мындай демилгеге эс алуу жайларынын аздыгы жана тургундардын саны көбөйүп жатканы себеп болгонун айтып берди.
Киргизилген өзгөртүүлөргө "Объектини же жер тилкесин инвестициялык ижарага алуу" деген түшүнүк бар. Мыйзам долбоор боюнча эс алуучу жай жана парктардын жер тилкелерин курулуш куруу, жеке менчик жана субижарага берүүгө тыюу салынат. Мындай жерлер балдар аянтчаларын, спорттук курулуштарды курууга гана берилмекчи.
Ошол эле учурда ижарага жер алган жаран ошол аймакты жашылдандырып, балдар аянтчасын курууга милдеттендирилет. Мындай акмак ижарага алынган жердин 45 пайызын ээлеши керек.
Киргизилген нормалар 15 жыл сайын парктардын материалдык-техникалык базасын жаңылоого шарт түзөрү айтылат.