БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясы күчөтүлгөн режимде кабыл алынып жатканын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Мындан улам салыкчылар декларацияны учурда түн ортосуна чейин кабыл алып, аны тапшырууда толук жана ар тараптан көмөк көрсөтүү максатында кезмет уюштурушту.
"Салык кызматы 29-февралга чейинки мезгил ичинде, ошондой эле 22-марттан тартып 31-мартка чейин майрам жана дем алыш күндөрдү кошкондо саат 09.00дөн 24.00гө чейин иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр үчүн түзүлгөн шарт болуп саналат.
Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
Толугураак маалыматты 194 номери жана www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.