00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте бардык коммуналдык кызмат үчүн бир квитанция бериле баштайт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКалькулятор менен эсептеп жаткан аял. Архив
Калькулятор менен эсептеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү квитанцияда газ, электр энергиясы, суу жана башка коммуналдык кызматтардын эсеби көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Коммуналдык кызматтардын жети түрү үчүн берилүүчү бирдиктүү квитанция Бишкекте жылдын аягына чейин пайда боло турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев билдирди.

Каттоо кызматы менен шаардык мэриянын биргелешкен долбоору бирдиктүү мамлекеттик реестр менен дарек регистринин негизинде бирдиктүү билинг (эсеп көрсөткүчү) системасын түзүүнү сунуштайт.

"Коммуналдык системалардын эсеп көрсөткүчүн бириктирүү каралган. Бирдиктүү квитанция калк үчүн жеңилдик түзөт. Эсепти мурдагыдай эле төлөм системалары же почта бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүүгө болот", — дейт Догоев.

Анын айтымында, макулдашууга кол коюу калды, андан кийин аны ишке ашыруунун мөөнөтү белгиленет.

"Мэрия бул саамалыкты алгач шаар райондорунун биринде пилоттук долбоор катары сынап көрүүнү сунуштады", — деди төрага орун басары.

Квитанцияга газ, электр энергиясы, ысык жана муздак суу, лифт, жылуулук жана таштанды чыгаруу сыяктуу жети кызматтын эсеби киргизилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0