БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Американын Виргиния штатынын соту түрмөдө 33 жылдан бери отурган Кит Аллен Гарварддын күнөөсүз экендигин айтып эркиндикке чыгарды. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресске таянып жазып чыкты.
Буга себеп жүргүзүлгөн ДНКтестинин анализи болду. Гарвард Ньюпорт-Ньюстук кишини өлтүрүп, аялын зордуктаган деген айып менен абакка кесилген. Соттолуучу АКШнын Аскер деңиз күчтөрүндө кызмат өтөп, ага тиешелүү кемеде болгон. Ал эми кеме ошол кеззде жабырлангандардын үйүнөн алыс эмес жерге токтотулган.
Күнөөлөгөн башкы аргумент — зордукталган аялдын бутундагы тиштердин изи Гарварддын тишине окшош деген пикир болгон. Акыркы маалыматтарга караганда, кылмышты Гарвард менен кызмат өтөгөн адам жасаган. Кийин ал уурулук үчүн түрмөгө отуруп, 2006-жылы абакта каза болгон.