БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада Бишкек, Чүй жана Көлдүн окуучулары жеңишке ээ болду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
![Өлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада Бишкек, Чүй жана Көлдүн окуучулары жеңишке ээ болду Өлкө мектептеринин окуучуларынын арасында жыл сайын өтүүчү спартакиадада Бишкек, Чүй жана Көлдүн окуучулары жеңишке ээ болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102575/01/1025750178_0:0:1024:643_600x0_80_0_0_951005af590877b9c8f6905232d03376.jpg)
![Спартакиада Бишкек жана Ош шаарларында өтүп, жети облустан 350 окуучу катышты Спартакиада Бишкек жана Ош шаарларында өтүп, жети облустан 350 окуучу катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102575/02/1025750254_0:51:1024:695_600x0_80_0_0_7d307411ec0b626d3c596d95d5ed8c33.jpg)
![Спартакиаданын жыйынтыгы менен биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы жеңип алды. Спартакиаданын жыйынтыгы менен биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы жеңип алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102575/03/1025750328_0:39:1024:683_600x0_80_0_0_58f00ce959a27a1bb275fc4ec1da21ad.jpg)
Таймаштар спорттун 15 түрү — баскетбол, волейбол, тогуз коргоол, стол тенниси, шахмат, мини-футбол, эркин жана грек-рим күрөштөрү, кадимки күрөш, бокс, ордо, жеңил жана оор атлетика, самбо, таэквондо боюнча өттү.
Спорттук таймаштарга жалпы билим берүү мектептер менен гимназияларда билим алган, 18 жаштан ылдыйкы курактагы улан-кыздар катышты.
Спартакиаданын жыйынтыгы менен биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы жеңип алды. Экинчи орунга Чүй облусунун, ал эми үчүнчү орунга Ысык-Көл облусунун командалары ээледи. Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт Башкармалыгынын кубоктору, медалдары, дипломдору жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.