БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Жумгал районун гречканы массалык түрдө өсүрүүгө баш койду. Бул тууралуу "Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо" эл аралык ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматта жакынкы аралыкта Жумгал району гречка өстүрүү боюнча алдыга чыгып, аталган өсүмдүктүн борбору болуп калышы ыктымал экени айтылат.
"Жумгалдын гречкасын кайра иштетүү жана сатуу боюнча ишканаларды ачуу чоң киреше алып келе алат. Себеби аны өсүргөн аянт жыл сайын кеңейип бара жатат", — деп айтышты ассоциациядан.
Алардын айтымында, мындан тышкары район аймагында балык чарбасы менен бал өндүрүү жолго коюлууда. Маселен, былтыр жумгалдык балчылар 120 тонна бал топтой алышкан.
Райондун өнүгүү потенциалы жогору болгондуктан 8-9-июнь аралыгында ПРООН, GIZ жана Европа өнүктүрүү банкынын колдоосу менен "Иштиктүү Жумгал-2016" бизнес- форуму өтмөкчү.