БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Интернетти башкаруу боюнча биринчи орто азиялык форум Бишкекте өтөрү тууралуу иш-чаранын сайтына жарыяланды.
Форум 21-22-июнь аралыгында өткөрүлөт. Анын негизги максаты — Орто Азия мамлекеттериндеги интернетти башкарууга багытталган мамлекеттик саясатты талкуулоо үчүн ачык аянтчаны түзүү болуп эсептелет.
Форумдун алкагында киберкоопсуздук менен интернетти көзөмөлдөө эркиндиги, DNS индустриясын өнүктүрүү сыяктуу маселелер көтөрүлөрү маалыматта белгиленет.
Иш-чарага интернетти башкаруу жана өнүктүрүү тармагында иштеген адистер, Орто Азия өлкөлөрүндөгү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, изилдөө борборлору жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.
Форум Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги менен "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук бирикмеси жана бир катар эл аралык уюмдардын колдоосунун алдында өткөнү жатат.