БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таарыгыч куртуна кабылган эмен бактарды сүрөткө тартып кайтты.
Сүрөттөр Бишкектеги белгилүү эмен багынан тартылган.
Бишкектеги эмендердин 90 пайызга жакыны таарыгыч куртуна кабылган. Бирок аларды дарылоодо көйгөй бар экенин "Зеленстрой" ишканасы билдирди. Себеби курт-кумурскаларга каршы химиялык препараттарды колдонууга жол берилбейт.
![Бишкектеги белгилүү эмен багы Бишкектеги белгилүү эмен багы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102674/18/1026741890_0:33:1620:1052_600x0_80_0_0_18c1d0cc3c5b48d4e54bd83415ef62e0.jpg)
![Бишкектеги эмендердин 90 пайызга жакыны таарыгыч куртуна кабылган. Бишкектеги эмендердин 90 пайызга жакыны таарыгыч куртуна кабылган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102674/18/1026741884_0:51:1620:1070_600x0_80_0_0_51c2bee2ba181ba324c607b9f8e26079.jpg)
![Химиялык препараттарды колдонуу мүмкүн эмес, ал эми биологиялык препараттардын эффективдүүлүгү төмөн болуп жатат. Химиялык препараттарды колдонуу мүмкүн эмес, ал эми биологиялык препараттардын эффективдүүлүгү төмөн болуп жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102674/18/1026741895_0:57:1619:1076_600x0_80_0_0_10eb8e2fd45c3e0c5f9a8018f0bae1cc.jpg)
Ошого карабастан курт баскан эмендер кыйылбай тургандыгын "Зеленстрой" ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер билдирди.
Буга байланыштуу таарыгыч курту менен күрөшүүдө көйгөй жаралууда. Химиялык препараттарды колдонуу мүмкүн эмес, ал эми биологиялык препараттардын эффективдүүлүгү төмөн болуп жатат.
Келерки жылы дарактарды дарылоо пландалып жатат.
Эмен багын таарыгыч курту (Profenusa pygmaea klug) тентрединиддер түркүмүнө кирет. Алар негизинен Россиянын европа бөлүгүн, Кавказ, Украина жана Батыш Европаны байырлашат.