БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Беш гектарге чейинки суугат жерлерди бөлүп сатууга тыюу салынат. Аталган мыйзам долбоору бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин күн тартибинде каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберилди.
Белгилей кетсек, депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоору аркылуу аянты 5 гектарга чейинки сугат жер участкаларын бөлүп сатууга тыюу салуу демилгесин бешинчи чакырылышта көтөргөн.
Демилгечинин пикиринде, мыкты жерлердин катарына кирген сугат жерлерин майдалап сатуу алардын түшүмдүүлүгүн азайтат.
Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберилди.