БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин жайкы мезгилдеги кийимине карата талаптар өзгөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен жай мезгилинен улам республиканын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин тышкы көрүнүшүнө карата талаптар жеңилдетилди.
"Буйрукка ылайык, расмий протоколдук иш-чаралардан тышкаркы убакта костюм, пиджак жана жакет кийүү милдеттендирилбейт", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерине чечимди аталган буйрукка ылайык кабыл алуу тапшырылды.