Башкы штабдын билдирүүсү өлкөнүн негизги каналы TRT телеканалынан окулду. Анда жарандарды сыртка чыкпоо айтылган.
Түркиянын аскерлери өлкөдө конституциялык абалды жөнгө салуу үчүн бийликти басып алганын билдиришти. Өлкөнүн негизги каналы болгон TRT каналынан өлкөнүн Башкы штабынын кайрылуусу бир нече жолу окулду. Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы бийлик алардын колуна өткөнүн билдирген.
15-июлда кечинде Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым NTV телеканалына өлкөнүн аскерлери өлкөдө аскерий төңкөрүш кылууга аракет кылганын телефон аркылуу билдирген. Йылдырым аскерий топ өздөрүн берилген укуктарды жана курал-жаракты колдонуп "мыйзамсыз аракеттерди кылууга аракеттерди көргөнүн" белгилеген. Бирок, түрк өкмөтү ишин улантып жатат.
Өз кезегинде Түркиянын Башкы штабы өлкө бийлиги өз милдеттерин аткара албай турганын билдирди.
Ал эми өлкөнүн президенти Тайип Эрдоган төңкөрүш жасоого аракет кылгандар катуу жазалана турганын айтып, бул баш аламандыкты токтотуу үчүн элди көчөгө чыгууга чакырган.Эрдогандын тарапташтары аскерлердин аракеттерине каршылык көрсөтүүгө аракет кылууда.
![Түркиянын куралдуу күчтөрү өлкөнүн бийлиги алардын колуна өткөнүн билдирди Түркиянын куралдуу күчтөрү өлкөнүн бийлиги алардын колуна өткөнүн билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102775/14/1027751406_0:0:3500:2379_600x0_80_0_1_c0decef1e1987c27c834c45e81aa43bd.jpg)
![Буга чейин полиция Стамбулдун Босфор кысыгындагы көпүрөнү жапкан болчу Буга чейин полиция Стамбулдун Босфор кысыгындагы көпүрөнү жапкан болчу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102775/20/1027752082_0:0:3000:2000_600x0_80_0_1_95f6f2170fc7906fb0ee0ee240fd4a9f.jpg)
![Анкарынын көчөсүндөгү түрк аскерлери Анкарынын көчөсүндөгү түрк аскерлери - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102775/23/1027752311_0:0:3500:2334_600x0_80_0_1_12fab897982a51adac97730cf338f1fa.jpg)
![Түркиянын бир катар ЖМКлары Анкарадагы Башкы штабдын жанында атышуу болгонун маалымдашууда Түркиянын бир катар ЖМКлары Анкарадагы Башкы штабдын жанында атышуу болгонун маалымдашууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102775/01/1027750172_0:0:3000:1997_600x0_80_0_1_c8f89563377bcea2dc1c45c8696dea4f.jpg)
![Анкара шаарынын үстүнөн аскерий учактар менен тик учактар учуп жүрөт Анкара шаарынын үстүнөн аскерий учактар менен тик учактар учуп жүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102775/05/1027750549_0:0:3000:2000_600x0_80_0_1_36b278d5d7dcf4c4cc6b8d4e237b8226.jpg)
![Стамбулдагы эл аралык Ататүрк аба майданында жанында танкалар жүргөнөн NTV каналы билдирди Стамбулдагы эл аралык Ататүрк аба майданында жанында танкалар жүргөнөн NTV каналы билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102775/16/1027751610_0:0:2560:1440_600x0_80_0_1_fd8bc9453144a3fa43b845ac8a3aafef.jpg)
![Анкарынын көчөсүнөгү аскерлер Анкарынын көчөсүнөгү аскерлер - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102774/99/1027749980_0:0:3000:2125_600x0_80_0_1_ed51843f5a44c738baf29ca7edfdbc9e.jpg)
![DHA маалымат агенттиги Башкы штабдын имаратына көп сандагы тез жардам автоунаалары келип жатканын маалымдаган. Ошондой эле аскерий тик учак Түркиянын улуттук чалгындоо уюмунун имаратына ок чыгаганы айтылууда DHA маалымат агенттиги Башкы штабдын имаратына көп сандагы тез жардам автоунаалары келип жатканын маалымдаган. Ошондой эле аскерий тик учак Түркиянын улуттук чалгындоо уюмунун имаратына ок чыгаганы айтылууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102774/96/1027749663_0:0:3000:1997_600x0_80_0_1_542ae1945880f0e8ff8192bbb284ec58.jpg)
![Анкарадагы коопсуздук күчтөрү менен полиция жумушка чыкты Анкарадагы коопсуздук күчтөрү менен полиция жумушка чыкты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102775/14/1027751491_0:0:3500:2337_600x0_80_0_1_058e366d9c7a016d61eb5ef6ca5f808d.jpg)