БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Асхат Акибаев бак басып каза болгон аялдын үй-бүлөсүнө 10 миң сом көлөмүндө материалдык жардам көрсөткөнүн өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
"Өкмөттүн өкүлү көңүл айтып, аялдын жакындарына резервдик фонддон материалдык жардам көрсөттү", — деп маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, дүйшөмбү күнү кечинде Ысык-Көлдүн Тамга айылындагы аскер санаториясынан бак баласы менен жүргөн аялды басып калган. 1,5 жаштагы баласы аял коопсуз жерге түртүп жибергенге үлгүрүп, өзү каза болгон.