БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 2016-жылдын 1-январына карата өлкө аймагында кант диабети менен ооруган 50 миң бейтап катталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында — 12 654, Чүй облусунда — 8 437, Жалал-Абад облусу — 7 945, Ош облусу — 7 124, Ош шаарында — 4 162, Ысык-Көлдө — 3 934, Баткен облусу — 2 820, Нарында — 2 106 жана Таласта — 1 774 бейтап бар.
Инсулин менен даярданууга 16 миң 693 бейтап муктаж. Кант диабетине каршы дарыларды республикалык бюджеттин каражатына Дүйнөлүк банктын процедуралары аркылуу Саламаттык сактоо министрлиги тендердин негизинде сатып алат.
Быйыл дары-дармекке 109 миллион сом бөлүнүп, тендер өткөрүлгөн. Учурда кант диабетинен жабыркагандардын баары инсулин менен камсыз болгон.
Ошондой эле инсулинге ийне сатып алуу үчүн Каржы министрлиги тарабынан кошумча 60 миллион сом бөлүнгөн.