БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ажыга бара турган зыяратчылардын биринчи тобу 16сынан 17сине караган таңда саат төрттө Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан Сауд Аравиясына учуп кетет. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Максат Атабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Бишкек — Медина аба каттамы менен зыяратчылардын алгачкы тобу — 300 адам учат. Жалпы зыяратчыларды 73 ажы башчы коштоп барат", — деп билдирди Атабаев.
Бишкектен мындан сырткары, үч күн ичинде дагы эки аба каттамы жасалмакчы.
"Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан бара турган зыяратчылар Меккеге 20-августтан тарта "Ош — Медина", "Ош — Жидда" аба каттамдары менен жөнөй баштайт", — деди маалымат кызматтын өкүлү.
Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы 2600 доллар.
Муфтияттан ажыга аттанган кыргызстандыктарды Сауд Аравиясынын Flynas аба компаниясы ташый тургандыгын кошумчалашты.