БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында таяк тартыш спорту боюнча жеңүүчүлөр аныкталганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин таяк тартыш боюнча аялдар арасындагы мелдеш аяктаган.
Эркектер жети салмак категориясы боюнча күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгы менен алдыга россиялыктар озуп чыгышты. Алар алты алтын жана эки күмүш медаль утту. Грузиндердин бир алтын жана эки күмүш медалы бар. Армения менен АКШнын спортчулары экиден күмүш жана бирден коло байге алышты. Украиналыктар күмүш жана коло медалды камсыздашты. Кыргызстандык спортчулардын беш коло медалы бар.
Ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Иран, Норвегия, Литва жана Венгрия мамлекеттеринин өкүлдөрү бирден коло байгеге ээ болушту.
Байге алган спортчулардын тизмеси
60 килограмм салмакка чейин:
- 1-орун – Игорь Дьяконов (Россия);
- 2-орун – Валери Адамадзе (Грузия);
- 3-орун – Нарек Тадевосян (Армения);
- 3-орун – Азамат Асанов (Кыргызстан).
70 килограмм салмакка чейин:
- 1-орун – Афанасий Платонов (Россия);
- 2-орун – Ховхан Хованясян (Армения);
- 3-орун – Олексий Кушнир (Украина);
- 3-орун – Кудайназар Алимов (Кыргызстан).
80 килограмм салмакка чейин:
- 1-орун – Анатолий Гладков (Россия);
- 2-орун – Карен Мартиросян (Армения);
- 3-орун – Султан Агаев (Азербайжан);
- 3-орун – Роман Григорьев (Казакстан).
90 килограмм салмакка чейин:
- 1-орун – Павел Черноградский (Россия);
- 2-орун – Пол Шон Коуч (США);
- 3-орун – Хади Вафаепур (Иран);
- 3-орун – Азат Таштанбеков (Кыргызстан).
105 килограмм салмакка чейин:
- 1-орун – Виктор Докалов (Россия);
- 2-орун – Микола Савостяненко (Украина);
- 3-орун – Андрей Цой (Кыргызстан);
- 3-орун – Вячеслав Абросимов (Кыргызстан).
125 килограмм салмакка чейин:
- 1-орун – Анатолий Байшев (Россия);
- 2-орун – Джейкоб Финерти (США);
- 3-орун – Стефан Секеж (Норвегия);
- 3-орун – Доминик Жухаш (Венгрия).
125 килограмм салмактан жогору:
- 1-орун – Звяд Кажая (Грузия);
- 2-орун – Виктор Колибабчук (Россия);
- 3-орун – Антанас Абрутис (Литва);
- 3-орун – Лисис Мартинс (США).
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.