БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ошентип бүтүндөй дүйнө коомчулугун өзүнө бурган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө жабылды.
![Ошентип бүтүндөй дүйнө коомчулугун өзүнө бурган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө жабылды. Ошентип бүтүндөй дүйнө коомчулугун өзүнө бурган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө жабылды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102909/68/1029096825_0:61:1619:1080_600x0_80_0_0_23d0393ff8d79481ebf6694e263107ad.jpg)
![Иш-чаранын жабылышында 80-жылдарда жылдызы жанган франциялык Ottawan тобу, Россиядагы А'Студио тобунун мурунку солисти Полина Гриффис, Город 312 тобу жана Казакстандын Аюми топтору, Turkvizyon-2013 сынагынын жеңүүчүсү азербайжандык Фарид Хасанов, Turkvizyon-2014 сынагынын финалисти түркиялык Килич Фунда өз өнөрүн тартуулашты Иш-чаранын жабылышында 80-жылдарда жылдызы жанган франциялык Ottawan тобу, Россиядагы А'Студио тобунун мурунку солисти Полина Гриффис, Город 312 тобу жана Казакстандын Аюми топтору, Turkvizyon-2013 сынагынын жеңүүчүсү азербайжандык Фарид Хасанов, Turkvizyon-2014 сынагынын финалисти түркиялык Килич Фунда өз өнөрүн тартуулашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102909/68/1029096814_0:61:1619:1080_600x0_80_0_0_4a2bfa50c5b93876c4efd209d8aa3f94.jpg)
![Мындан сырткары жергиликтүү жылдыздар да элдин маанайын көтөрдү. Мындан сырткары жергиликтүү жылдыздар да элдин маанайын көтөрдү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102909/68/1029096803_0:61:1619:1080_600x0_80_0_0_db7ec5ad105056964f39bdbb5b605ce5.jpg)
![Ошондой эле, Атай Өмүрзаков баштаган бийчилердин бийлери келген конокторду жана тургундарды кайдыгер калтырган жок. Ошондой эле, Атай Өмүрзаков баштаган бийчилердин бийлери келген конокторду жана тургундарды кайдыгер калтырган жок. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102909/68/1029096808_0:61:1619:1080_600x0_80_0_0_ac250668a4139caf83a7c03d055b528a.jpg)
![II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 62 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусунда 3-8-сентябрь аралыгында көгүлтүр Ысык-Көлдө өттү. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 62 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусунда 3-8-сентябрь аралыгында көгүлтүр Ысык-Көлдө өттү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102909/67/1029096784_0:61:1619:1080_600x0_80_0_0_6c319fd4d94f4214fe43449dd04e1f53.jpg)
![ДКО-2016нын программасына улуттук спорттун 26 түрү кирген. ДКО-2016нын программасына улуттук спорттун 26 түрү кирген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102909/67/1029096795_0:61:1619:1080_600x0_80_0_0_1e67ce6c65291834a84602dcf999789d.jpg)
![Жалпы командалык жыйынтык боюнча 25 алтын, 25 күмүш жана 29 коло медаль алган Кыргызстан биринчи болсо, экинчиликти 15 алтын, 3 күмүш, 6 коло менен Түркмөнстан, ал эми 12 алтын, 13 күмүш, 13 коло медаль алган Казакстан үчүнчү орунду эледи. Жалпы командалык жыйынтык боюнча 25 алтын, 25 күмүш жана 29 коло медаль алган Кыргызстан биринчи болсо, экинчиликти 15 алтын, 3 күмүш, 6 коло менен Түркмөнстан, ал эми 12 алтын, 13 күмүш, 13 коло медаль алган Казакстан үчүнчү орунду эледи. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102909/67/1029096789_0:23:1619:1042_600x0_80_0_0_b91ae058782691e2eede25cd41a84a85.jpg)
Ошондой эле, Атай Өмүрзаков баштаган бийчилердин бийлери келген конокторду жана тургундарды кайдыгер калтырган жок.
Оюндун жабылуу аземинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү.
"Көчмөндөр оюндары буюрса кулачын кеңири жайып, ири иш-чарага айланат. Анын Ысык-Көлдө дагы башталышы жакшы жышаан берет", — деди Жээнбеков.
Ал андан сырткары Көчмөндөр оюндары ата-бабанын басып өткөн жолуна таазим гана эмес, аларды унутта калтырбай улантуу дагы болуп саналарын баса белгиледи.
"Урматтуу мекендештер кең пейил эилибизде тынчтык болсун. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жабык деп жарыялайм",— деди өкмөт башчысы.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 62 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусунда 3-8-сентябрь аралыгында көгүлтүр Ысык-Көлдө өттү. ДКО-2016нын программасына улуттук спорттун 26 түрү кирген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.