00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Разия Өсөрова: бүгүн чыккан тажик жарандарын өздөрүнүн күч органдары артка кайтарды

© Фото / Зульфия ТургуноваБаткен районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айыл башчысы Разия Өсөрованын архивдик сүрөтү
Баткен районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айыл башчысы Разия Өсөрованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айыл башчысы Разия Өсөрова кечээ 40ка жакын жарандар келгендигин, бирок, алар артка кайтарылгандыгын билдирди.
Разия Өсөрова: бүгүн чыккан тажик жарандарын өздөрүнүн күч органдары артка кайтарды

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы 40 деген санды четке кагып, белгисиз алты адам келип, чек ара аймагына ак-сайлыктар орноткон темир бетонду кулатып кетишкендигин билдирген.

"Кечээ 40тай тажик барып Ак-Сай айылы деген жазуусу бар тумбаны жыгып, аталган айылга кеткен тарапта "жолго таштанды ыргытпагыла" деген жарнамаларды талкалап кеткен. Чек ара кызматынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сүйлөшүү жолу менен чек арадан чыгарды", — деди Өсөрова. 

Ал аймакка тажик жарандары шагыл жүктөп кетүү үчүн техникалары менен келгендигин кошумчалады.

"Бүгүн кыргыздардан, жергиликтүү элден ал жерге эч ким басып барган жок, расмий адамдар жүрөт. Жана тажикстандыктар көбөйүп бир чыгышты эле, өздөрүнүн күч органдары артка кайтарды",— деди айыл башчысы.

Бул аймакта эки өлкөнүн жарандарынын тирешүүлөрү тез-тез кайталанып турат. Акыркы окуя апрель айында мектеп окуучулардын ортосунда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0