БИШКЕК, 28-сен. —Sputnik. "Үркүн" тасмасы 12-октябрдан баштап бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу "Саякбай манасчы" коомдук фондунан билдиришти.
Тасма Тарых жана маданият жылына, ошондой эле 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштүн 100 жылдыгына карата тартылып, Нурбек Айбашев башкы демөөрчү болгон.
"Үркүн" киносуна Медин Учкеев режиссерлук кылса, Мухтар Атаналиев продюссери болгон.