БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Италияда жер титирөөдөн миңдей адам турак жайсыз калды. Бул тууралуу РИА Новости Жарандык коргоонун улуттук кызматынын өкүлүнө шилтеме берип кабарлады.
Шаршемби күнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,4 баллга жеткен жер силкинүү катталган.
"Кырсыктын кесепетинен 2-3 миңдей адам үйсүз калды. Мындан сырткары мурунку салынган тарыхый борборлор, дагы бир топ турак жайлар керектен чыкты", — деди аймактын жарандык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Марке Чезаре Спури.
Алдыда кыш келе жаткандыктан, Спури турак жайдан ажыраган адамдардын маселесин тез аранын ичинде чечүү керектигин айтты.
Маалыматтар боюнча кырсыктан оор жаракат алып, каза болгондор катталган эмес.
Эске салсак, Италияда 24-август түнү да күчү 6 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Кырсыктан 298 жапа чегип, жүздөгөн адамдар оор жаракат алып, 3 миңден ашыгы турак жайсыз калган.