БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ашуулардагы карлар убагында тазаланбай, унаа тыгындары жаралууда. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич
![Депутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич Депутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101971/74/1019717492_0:0:5008:3336_600x0_80_0_0_cb37b580aa7e50f50d7dea86b0e578ca.jpg)
Депутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич
Анын айтымында, ашууларда 200дөн ашуун унаа тыгылып, кыйынчылык жаралууда.
"Кыш келип кыйынчылык жаралууда. Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Долон сыяктуу ашууларда 200гө чукул унаалар туруп калып жатат. Илгери жолдогу карды туз сээп тазалап койчу. Жол маселеси көйгөй жаратууда", — деди Жолдошбаев.
Эл өкүлү мындан сырткары көмүрдүн баасы кымбат болуп жатканын айтып, маселени жөнгө салууну өтүндү.