БИШКЕК, 1-ноя. – Sputnik. Алагүү болуп алган күйөөсү аялы Бишкектен учуп кетет деген ой менен "Манастагы" бомба боюнча жалган маалыматты бергендигин K—News агенттиги тартип коргоо органдарына таянып жазып чыкты.
Бүгүн милицияга саат 16.10до "Манас" аэропортундагы бомба тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аба майданга ИИМдин ыкчам-иликтөө тобу, УКМК кызматкерлери жана саперлор тартылган. Бомба коюлду деген маалыматтан кийин "Манас" аэропортунан жамаат менен жүргүнчүлөр эвакуацияланган.
Агенттик милиция көп өтпөй эле телефон чалуу кайдан келгендигин аныктай баштаганда, жиптин учугу аларды Министрлер кеңеши (Совмин) үйлөрү турган жерге алып баргандыгын жазды. Тактай келгенде, ал 30дардын ортосундагы эркек киши болуп чыккан. Шектүүнү милиция дароо алып кеткен.
КРдин Кылмыш Кодексинде билип туруп эле кандайдыр бир жарылуу, адам өмүрүнө кооптуулук жаратат деген жалган маалыматтарды берсе, 500дөн 1 миң көрсөткүчкө чейин (50-100 миң сом) айып салынып, же бир жылдан үч жылга чейинки эркинен ажыратуу каралган.