БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын батыш тарабында Садыгалиев жана Лев Толстой көчөлөрү жакта мотор майлары сакталган кампада чыккан өрттү өчүргөн кызматкерлерди мэрия сыйлады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Калаа башчысы Албек Ибраимов өрт өчүрүүчүлөрдүн эрдигин жана тайманбастыгын баса белгиледи.
![Бишкек шаарынын батыш тарабында Садыгалиев жана Лев Толстой көчөлөрү жакта мотор майлары сакталган кампада чыккан өрттү өчүргөн кызматкерлерди мэрия сыйлады. Бишкек шаарынын батыш тарабында Садыгалиев жана Лев Толстой көчөлөрү жакта мотор майлары сакталган кампада чыккан өрттү өчүргөн кызматкерлерди мэрия сыйлады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103023/11/1030231117_0:0:1023:643_600x0_80_0_0_56ff35ac1a619a0324c6a3e1c110b638.jpg)
![Калаа башчысы Албек Ибраимов өрт өчүрүүчүлөрдүн эрдигин жана тайманбастыгын баса белгиледи. Калаа башчысы Албек Ибраимов өрт өчүрүүчүлөрдүн эрдигин жана тайманбастыгын баса белгиледи. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103023/11/1030231108_0:0:1024:643_600x0_80_0_0_9ad7a2c3047b97ecdef471a9c067aacd.jpg)
![Ак, адал эмгеги үчүн ондон ашык киши Бишкек мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланды. Ак, адал эмгеги үчүн ондон ашык киши Бишкек мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103023/11/1030231128_0:39:1023:683_600x0_80_0_0_87874c233434010a5953b15781a0bd96.jpg)
"Жаратылыш кырсыктарынын алдында, ал өрт болобу, жер титирөө болобу — адам баласы дайыма алсыз. Силер өз ишиңердин адиси гана болбостон, адамдардын да өмүрүн сактап келесиңер. Мэриянын, шаар тургундарынын атынан сиздерге таазим", — деди Ибраимов.
Белгилей кетсек, өрт кырсыгы 5-ноябрда катталган. Аны өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү автоунаа жана "Тазалык" ишканасынын да суу ташуучу машиналары тартылган.
Өрт 19 саат дегенде гана өчүрүлүп, тилсиз жоо 2,5 миң гектар жерге жайылган.