БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ош шаарына алынып келинген 30 автобустун ачкычы айдоочуларга бүгүн тапшырылып, эртеңден тарта эл ташып баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынын баш катчысы Жылдыз Бурканова билдирди.
![Бүгүн, 9-декабрь күнү Ош шаарына алынып келинген 30 автобустун ачкычы айдоочуларга тапшырылып, эртеңден тарта ишке берилет. Бүгүн, 9-декабрь күнү Ош шаарына алынып келинген 30 автобустун ачкычы айдоочуларга тапшырылып, эртеңден тарта ишке берилет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103069/53/1030695371_0:0:1023:643_600x0_80_0_0_c1db72e2cf8a931f41541a1437fbd9fe.jpg)
![Автобустун айдоочуларына жумуш учурунда бирдиктүү форма кийүү милдеттендирилген. Автобустун айдоочуларына жумуш учурунда бирдиктүү форма кийүү милдеттендирилген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103069/53/1030695377_0:39:1024:683_600x0_80_0_0_7dffbdff57915c20445b66b7d436a234.jpg)
![Ага ылайык ак калпак жана бирдей түстөгү улуттук кемселдерди кийип кызмат кылышат. Ага ылайык ак калпак жана бирдей түстөгү улуттук кемселдерди кийип кызмат кылышат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103069/53/1030695365_0:39:1023:683_600x0_80_0_0_6d753aba38292d956d74f9f1b159dcc7.jpg)
![Автобустар Ош калаасынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоорунун алкагында алынып келинди, сыйымдуулугу 24 адам отурганга жана 80 адам турганга ылайыкташтырылып, майыптар үчүн да атайын пандустар жайгашкан. Автобустар Ош калаасынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоорунун алкагында алынып келинди, сыйымдуулугу 24 адам отурганга жана 80 адам турганга ылайыкташтырылып, майыптар үчүн да атайын пандустар жайгашкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103069/56/1030695643_0:39:1024:683_600x0_80_0_0_00421475f8c8398fa9c4e29e09c0f5b2.jpg)
Анын айтымында автобустун айдоочуларына жумуш учурунда бирдиктүү форма кийүү милдеттендирилген. Ага ылайык, ак калпак жана бирдей түстөгү улуттук кемселдерди кийип кызмат кылышат.
"Автобустар "Ош калаасынын коомдук транспортун жакшыртуу" долбоорунун алкагында алынып келинди, сыйымдуулугу 24 адам отурганга жана 80 адам турганга ылайыкташтырылып, майыптар үчүн да атайын пандустар жайгашкан. Жакында заманбап жабдуулар менен жабдылып автоматташтырылган билет сатуу, Wi-Fi модулдары орнотулат", — деди Бурканова.
ЛИАЗ-529360 маркасындагы автобустар 2 миллион 699 миң еврого сатып алынды.
Мындан сырткары, 3 миллион 98 миң еврого 23 троллейбус алуу пландалууда.