БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Пуэрто-риколук Стефани Дель Валле "Дүйнө сулуусу — 2016" титулуна ээ болду. Аталган сынак АКШда жекшемби күнү жыйынтыкталды. Иш-чара боюнча конкурстун уюштуруучулары Twitter баракчасына жазып чыгышканын РИА Новости билдирди.
Финалга чыккан бешиликке Дель Валледен сырткары, Кения, Индонезия, Доминикан Республикасы жана Филиппиндин сулуулары кирген.
© REUTERS / Joshua Roberts"Дүйнө сулуусу — 2016" сынагындагы жеңүүчү пуэрто-риколук Стефани Дель Валле, Доминикан Республикасынын өкүлү Мигелина Рейес Рамирес жана индонезиялык Наташа Маннуэла
![Победительница Мисс Мира из Пуэрто-Рико Стефани Дель Валле, представительница Доминиканской республики Мигелина Рейес Рамирес и Наташа Маннуэла из Индонезии во время конкурса Мисс мира – 2016 Победительница Мисс Мира из Пуэрто-Рико Стефани Дель Валле, представительница Доминиканской республики Мигелина Рейес Рамирес и Наташа Маннуэла из Индонезии во время конкурса Мисс мира – 2016 - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103085/35/1030853570_0:0:3500:2334_600x0_80_0_0_7577354cdcb57c69e6a04cd23ed0494a.jpg)
"Дүйнө сулуусу — 2016" сынагындагы жеңүүчү пуэрто-риколук Стефани Дель Валле, Доминикан Республикасынын өкүлү Мигелина Рейес Рамирес жана индонезиялык Наташа Маннуэла
© REUTERS / Joshua Roberts
Эскерте кетсек, аталган сынакка Кыргызстандын атынан Перизат Расулбек кызы барган. Бирок ал сынакта жарым финалга чыккан жок.
"Дүйнө сулуусу" 1951-жылдан бери уюштурулуп келген кадырлуу сынактардын бири.