БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. "ВКонтакте" социалдык тармагы сүрөт же кыска видеоролик менен бөлүшө ала турган жаңы тейлөө фунциясын ишке киргизди.
Аталган соцтармактын мобилдик буюмдар жетекчиси Михаил Болдов тартылган сүрөттөр же видеолор досторго жана колдонуучуларга 24 сааттын ичинде гана көрүнүп, андан соң өчүп каларын айтты.
"Сиздер сүрөттү же видеороликти 12 секунддун ичинде жасай аласыздар. Аларга граффит, стикер же досторуңду келе жаткан майрамдары менен куттуктап же эмне кылып жатканыңар тууралуу текст кошуп койсоңуздар болот", — деди Болдов.
Окуяларды билдирүү жазышкан жакка жиберип, мындан аны автордун өзү менен талкуулоого да мүмкүн. Жарыялаган маалыматтарды канча адам көргөнүн экрандагы эсептегич аркылуу көрүп турууга болот.
"ВКонтакте" соцтармагындагы маалыматтар iOS жана Android мобилдик платформаларында жеткиликтүү болот.