БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.
![Нарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда Нарын облусунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барчу жолдор калың кардан тазаланууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103126/19/1031261907_0:103:1279:908_600x0_80_0_0_85911bf9dd0bf8e61ebd905adfb50fd5.jpg)
![Жол тазалоо иштерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жол тейлөө ишканалары жана ӨКМдин кызматкерлери катышып, алар күнү-түнү иштеп жатышат Жол тазалоо иштерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жол тейлөө ишканалары жана ӨКМдин кызматкерлери катышып, алар күнү-түнү иштеп жатышат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103126/20/1031262068_0:114:1279:919_600x0_80_0_0_f5dd18100edef97bc5f35a5a3b8dd715.jpg)
![Аталган аймакта кардын калыңдыгы бир метр, күндүн суугу —40 градуска чейин жетти Аталган аймакта кардын калыңдыгы бир метр, күндүн суугу —40 градуска чейин жетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103126/18/1031261854_0:62:1280:915_600x0_80_0_0_08bf4f1235631cc6c64b5f2544c05cfe.jpg)
Анын айтымында, жол тазалоо иштерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жол тейлөө ишканалары жана ӨКМдин кызматкерлери катышып, алар күнү-түнү иштеп жатышат.
Ошондой эле Кайыпов, учурда Кында жолу жабык болгондуктан кыштоого тоют жеткирүү иштери бир кыйла оор болуп жатканын белгиледи.
"Элдин айтымында, Аксай өрөөнүнө мындай кар көп жылдан бери түшө элек. Буга чейин малчылар тоют топтогон эмес. Мал оттоп эле кыштан чыгып кетчү экен. Эми ал жакка дагы кар калың түшүп чабандарга кыйынчылык жаралууда", — деди Кайыпов.
Учурда катуу шамал тазаланган жолдорду бөгөп жатканын өкмөттүн өкүлү кошумчалады.