Айыл банктагы 1 миллиард 600 миллион сом иштетилбей турат. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
"Учак кырсыганан каза болгондордун дээрлик бардыгы аймактардан келгендер экен. Мына ушул жабыр тарткан элибиз акча табуу үчүн бул жерге көчүп келген. Биз региондорду көтөрүшүбүз керек. Учурда 440 айыл өкмөттүн 380ни дотацияда турат. Ал жакта МТС жана башка иш-чараларды жасоо боюнча токтом чыккан. Айыл банкта 1 миллиард 600 миллион акча бар. Лизинг аркылуу техника алып, цех курса болот. Биз ошону өндүрө албай отурабыз", — деди Төрөбаев.
Эл өкүлү айыл өкмөттөр акча алайын десе банктар баштапкы төлөм талап кылып жаткандыгын айтып, бул нерсе чоң тоскоолдук жаратып жаткандыгын кошумчалады.