https://sputnik.kg/20170120/cnn-telekanaly-tramt-olso-ehmne-bolorun-ajtty-1031363166.html
CNN телеканалы Трамп инаугурациясында өлтүрүлсө окуя кандай болорун божомолдоду
CNN телеканалы Трамп инаугурациясында өлтүрүлсө окуя кандай болорун божомолдоду
Sputnik Кыргызстан
CNN телеканалынын билдиришинче АКШнын конституциясы боюнча эгер президент менен вице-президент өлтүрүлсө же иштей албай турган болсо, аны палатанын спикерлери... 20.01.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-01-20T11:13+0600
2017-01-20T11:13+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103060/73/1030607322_0:0:2143:1211_1920x0_80_0_0_feea950bc3c079724a51066266d80f95.jpg
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103060/73/1030607322_0:0:2143:1347_1920x0_80_0_0_89a16d988b42d6de73ef6e2d7ddea182.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, коом, жаңылыктар, акш, барак обама, дональд трамп
басма сөзгө баяндама, дүйнөдө, коом, жаңылыктар, акш, барак обама, дональд трамп
CNN телеканалы Трамп инаугурациясында өлтүрүлсө окуя кандай болорун божомолдоду
11:13 20.01.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) CNN телеканалынын билдиришинче АКШнын конституциясы боюнча эгер президент менен вице-президент өлтүрүлсө же иштей албай турган болсо, аны палатанын спикерлери алмаштырат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. CNN телеканалы Трамп инаугурация учурунда өлтүрүлсө окуя кайсы өңүттө өнүгөрү боюнча атайын репортаж даярдаганын РИА Новости билдирди.
Репортер Брайан Тодд жаңы шайланган гана президентти эмес, вице-президент менен конгресстеги жогорку кызмат адамдары дагы өлтүрүлсө окуя кандай боло турганын божомолдоп көргөн.
CNN телеканалынын билдиришинче, АКШнын конституциясы боюнча эгер президент менен вице-президент өлтүрүлсө же иштей албай турган болсо, аны палатанын спикерлери алмаштырат. Андан кийин сенаттын убактылуу өкүлү келет. Эгер аларга дагы бир нерсе болуп кетсе президенттин милдетин министрден тартып, мамлекеттик катчыга чейин аткарып калышат.
Жогоруда айтылган божомолдор 20-январда болуп кетсе иш дагы да чиеленишет. Түшкө чейин Барак Обаманын министрлери өз кызматтарын тапшырат. Анын ичинде мамлекеттик катчы Жон Керри дагы бар. Бирок Трамп тарабынан мамлекеттик катчылыкка көрсөтүлгөн Том Шекннон сенат тарабынан бекитиле элек.
Трамптын командасынан эч ким кызматына расмий түрдө бекитилбегендиктен кандайдыр бир кырсык болуп кетсе Обаманын командасындагылардын бирөө президенттин милдетин аткарып каларын CNN телеканалы маалымдайт.