БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. "Космопаркта" теракт жасоо тууралуу сүйлөшүп жаткандардын кебин Кыргыз мамелкеттик медициналык академиянын ашканасынан бир кыз угуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ билдирди.
ШИИБ жардыруунун жасала турганы боюнча маалымат Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында саат 18.00дө каттоого алынганын белгиледи. Териштирүү маалында 14-февраль күнү 20 жаштагы кыз түштө Медакадемиянын Стоматология факультетинин ашканасынан тамактанып жатып, эки кишинин "Космопаркта" теракт жасоо боюнча сүйлөшкөн сөзүн угуп калганы аныкталды.
"Кыз бул тууралуу өзүнүн сүйлөшкөн жигитине билдирген. Жигит өз кезегинде көңүл ачуучу жайдын кассасына чалып, бомба тууралуу айткан", — деп айтылат маалыматта.
Милиция кыз менен жигитти сурап бүттү. Иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берилди. Аталган мекеме азырынча окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.