БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош облусунун малчылары үчүн жасалма уруктандыруу боюнча сабактар өтүлө баштады. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти семинарды 15-февралдан 20-февралга чейин Ош облусунда өткөрөт.
Анда адистер жергиликтүү малчыларга теориялык жана практикалык жактан сабак беришет.
Ал эми Жалал-Абад облусунун райондорунда окутуулар 20-25-февраль аралыгында өтүшү күтүлүүдө.