БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Түркиянын Кайсери шаарында окуган ар улуттагы студенттерге ак калпак кийип, кыргыз туусун желбиретип Ак калпак күнүн белгилешти. Бул тууралуу "Кыргызстандык студенттер биримдигинин" жетекчиси Манасбек Максутов билдирди.
![Түркиянын Кайсери шаарында окуган ар улуттагы студенттерге ак калпак кийип, кыргыз туусун желбиретип Ак калпак күнүн белгилешти Түркиянын Кайсери шаарында окуган ар улуттагы студенттерге ак калпак кийип, кыргыз туусун желбиретип Ак калпак күнүн белгилешти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103206/84/1032068432_0:43:1152:768_600x0_80_0_0_5524dff686f5f0dbde38ef9052836ee8.jpg)
![Бул иш-чара Ак калпак күнүнө карата кечээ 4-мартта өткөрүлгөн Бул иш-чара Ак калпак күнүнө карата кечээ 4-мартта өткөрүлгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103206/83/1032068324_0:0:1152:724_600x0_80_0_0_71badc4cf780853443d711f075ee07b9.jpg)
![Түркиянын Кайсери шаарында 100дөн ашуун кыргызстандык бар. Алардын 12си лицейде, 75и университетте окуса, 15и ар кандай жумуштарда иштейт Түркиянын Кайсери шаарында 100дөн ашуун кыргызстандык бар. Алардын 12си лицейде, 75и университетте окуса, 15и ар кандай жумуштарда иштейт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103206/82/1032068269_0:43:1152:768_600x0_80_0_0_9094bfc4902226c6752e3e9131f8caa8.jpg)
![Эскерте кетсек, Ак калпак күнү Кыргызстанда 2011-жылдан бери жыл сайын 5-мартта белгиленип келет Эскерте кетсек, Ак калпак күнү Кыргызстанда 2011-жылдан бери жыл сайын 5-мартта белгиленип келет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103206/82/1032068216_0:43:1152:768_600x0_80_0_0_c3d33e8509b516f2521298b2cab4aad6.jpg)
![Былтыр Маданият министрлиги бул күндү расмий белгилөөнү сунуштап, Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган. Былтыр Маданият министрлиги бул күндү расмий белгилөөнү сунуштап, Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103206/81/1032068162_0:43:1152:768_600x0_80_0_0_2a61b7268a8306005655343fe53d2f88.jpg)
Бул иш-чара Ак калпак күнүнө карата кечээ 4-мартта өткөрүлгөн.
"Кыргызстанды таанытуу жана улуттук кийимдерди даңазалап көрсөтүү максатында ушул иш-чараны уюштурдук. Мунун алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келип окуп жүргөн Кайсери шаарындагы 35 студентке ак калпак кийгиздик. Алар кубануу менен кабыл алып, кыргыз тилинде майрамыбыз менен куттукташты", — деди Максутов.
Ал билдиргендей, Түркиянын Кайсери шаарында 100дөн ашуун кыргызстандык бар. Алардын 12си лицейде, 75и университетте окуса, 15и ар кандай жумуштарда иштейт.
Эскерте кетсек, Ак калпак күнү Кыргызстанда 2011-жылдан бери жыл сайын 5-мартта белгиленип келет.
Былтыр Маданият министрлиги бул күндү расмий белгилөөнү сунуштап, Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган.