БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Саратовдун мурда соттолгон жараны 8-марттын алдында гүл саткан дүкөндү тоноду. Бул тууралуу РИА Новости аймактык полиция кызматкерлерине шилтеме берип кабарлады.
Полиция кызматкерлеринин айтымында, белгисиз адам гүл саткан дүкөндү карактап, жалпы баасы 3 миң рублди түзгөн 25 ак, 25 кызыл түстөгү розаларды уурдап кеткен. Аны издөөгө атайын кызматтык ит менен чыгышкан.
Бир канча убакыттан кийин тоногон адам кармалып, кылмышты мойнуна алган, бирок бул учурда уурдалган гүлдөр калган эмес.
Кармалган адамдын айтымында, ал розаларды көчөдөн кездештирген эки белгисиз аялга берген.
"Кокустан жасалган романтикалык эрдик бааланат, бирок Кылмыш кодексинде бул жаза болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.
Саратовдук "романтик" беш жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.