БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын реформалоо үчүн бир нече мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында дары-дармек боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттер тобунун жетекчиси Сүйүнбек Сырдыбаев билдирди.
![Руководитель экспертной группы по разработке законодательства по лекарственным средствам Суюнбек Сырдыбаев Руководитель экспертной группы по разработке законодательства по лекарственным средствам Суюнбек Сырдыбаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103218/27/1032182710_0:0:3936:2624_600x0_80_0_0_63897d560b99f41d192a36ff09782cbb.jpg)
Анын айтымында, реформа жүргүнүү үчүн ведомство аралык топ түзүлгөн.
Ал ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектердин баасын көзөмөлдөп турууга аракет кылып жатканын кошумчалады.
"Административдик жана Кылмыш кодексине биз жасалма дары-дармек жасагандарга жана башка ушул сыяктуу кылмыш иштерин тиешеси бар адамдарды жазага тартуу боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштайбыз", — деп билдирди адис.
Азыр бул демилге Жогорку Кеңештин комитетинде талкуудан өтүп жатат. Андан соң ал парламенттин биринчи окуусунда каралат.