БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Чехияда зоопаркта багылып жаткан сейрек кездешүүчү кериктин мүйүзүн араалап салуу менен сактап калууга аракет кылышууда. Бул туурасында РИА Новости Guardian басылмасына таянып жазды.
7-мартка караган түнү белгисиз кылмышкерлер Париждин чет жакасында жайгашкан Туари зоопаркындагы беш жаштагы керикти өлтүрүп, бир мүйүзүн сындырып кетүүгө үлгүрүшкөн.
"Бул кериктердин коопсуздугу үчүн жасалууда. Франциядагы окуя бизди кооптондуруп койду, абал чынында эле ойлондургудай болуп турат", — деп айткан Двур-Кралове-над-Лабем шаарындагы зоопарктын өкүлү гезитке.
Учурда аталган жайда 21 жаныбар жашайт.
2016-жылдын жайында Зимбабведе 700 кериктин мүйүзүн таарып салуу чечимин кабыл алган. Бийлик мындай кадам жаныбарларды браконьерлерден сактоо үчүн жасалгандыгын айткан. 2015-жылы 1,3 миң керик мүйүздөн улам курмандыкка чалынган.