Улуу тамактын жасалыш ыкмасын адамдардын баары эле биле бербесе керек. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги буудайды өндүргөндөн тарта, аны бышырганга чейинки жасоо ыкмасын видеого тартып, тарыхына токтолду.
Аламүдүн районунун Прохладное айылынын тургуну Жумагүл Боталиева 7-8 жылдан бери сүмөлөк жасап, аны даярдоону салтка айландырып алган.
"Мурда башкалардын жасаганын көрүп суктанып койчумун. Кийинчерээк бул тамактын тилеги жакшы экенин элден угуп өзүм да жасап көрүүнү чечтим. Алгач өзүбүзгө чакан кылып жасап баштасам, кийин кошуналар менен чогуу Нооруз майрамына даярдай баштадым. Сүмөлөк жасалган үйгө ырыскы, кут кирип иши оңолот деп айтылып жүрөт. Токчулуктун символу болгон бул тамакты даярдагандан өзүм да ырахат алам", — деди ал.
Боталиева сүмөлөктү үйдөн жасабаса да, ар бир адам аны сатып алып же майрамдык иш-чаралардан тилек айтып ооз тийип койсо ашыкча болбой турганын кошумчалады.
"Сүмөлөк жасоонун дагы бир максаты — элдин башын бир казанга бириктирип, биримдикке, ынтымакка чакыруу. Аны бышырган түнү ар түрдүү оюн-зоок уюштурулуп, адамдардын маанайы көтөрүлөт. Бул майрам менен түрк тилдүү эл эски жылды узатып, жаңы жылды тосуп алышкан", — деди Жумагүл эже.
Сүмөлөктүн тарыхы
Казан кайнап, аны аралаштырган сайын апалар элге токчулук, молчулук, тынччылык келсин деп тиленет. Таң сүргөндө казандагы аралашма даамдуу тамакка айланып, сүмөлөк деп аталып калган деген уламыштар бар.
Майрамдык сүмөлөктү кантип жасоону Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>