БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кар көчкү алдында калып каза болгон жолчулар бүгүн жерге берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов билдирди.
![28-март күнү Бишкек — Ош жолунда №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын көчкү басып калган. 28-март күнү Бишкек — Ош жолунда №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын көчкү басып калган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103261/96/1032619664_9:0:1154:720_600x0_80_0_0_72307c54d3fc6839224c841969ff27dc.jpg)
![Кырсыктан унаа ичиндеги төрт адам набыт болгон. Кырсыктан унаа ичиндеги төрт адам набыт болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103261/96/1032619654_0:0:1220:768_600x0_80_0_0_a8728fd28b7f541c5aa7ecac5ab315bf.jpg)
Эске сала кетсек, 28-март күнү Бишкек — Ош жолунда №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын көчкү басып калган. Кырсыктан унаа ичиндеги төрт адам набыт болгон.
"Бүгүн каза болгондор жерге берилди. Баары тең Токтогулдун тургундары болчу. Алардын тажыясына катышуу үчүн министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев, Бишкек — Ош мамлекеттик автожолунун башкы директору Изатбек Токтомомбетов түнкү 3тө Токтогулга чыгып кетишкен", — деди Досумбетов.
Досумбетов министрликтин кызматкерлери бир күндүк маянасын набыт болгондордун жакындарына берерин, ал эми Жол тейлөө департаменти жерге берүү зыйнатындагы чыгымдарды көтөрөрүн кошумчалады. Мындан сырткары, атайын эсеп дагы ачылды.
Атайын эсептин реквизиттери:
- БИК: 129037; Р/С: 1290373480000042;
- Кардардын эсеби: 03702417348201000127 "РСК Банк" Токтогул шаары