БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо борбор калаанын "Дордой" командасы менен Оштун "Алай" командасы беттешип, оюн 1:0 эсебинде "Дордойдун" жеңиши менен аяктады.
Кыргызстандын эки күчтүү командасы Азия футбол конфедерациясы кубогунун тайпалык этабынын алкагында беттешти. Анда жеңген гана команда АФК-2017 кубогунун чейрек финалына жолдомо алмак. Оюнга сириялык арбитр Ханна Хаттаб калыстык кылды.
Оюндун 18-мүнөтүндө "Алайдын" оюнчусу Муролим Ахмедовго кызыл карта берилип, оюндан четтетилди.
Экинчи таймда "Дордойдун" оюнчусу Алишер Азизов башы менен топту атаандашынын дарбазасына киргизип, командасын алдыга алып чыкты.
АФК кубогу — Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.