БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШда аялы менен күйөөсү эгиз экенин ДНК-тесттин жыйынтыгынан улам билип калышты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Дарыгерлер жубайлардын атын атоодон баш тарткан.
Сайттагы маалыматка караганда алардын ата-энеси унаа кырсыгынан каза болгон. Наристелер балдар үйүнө түшүп, аларды эки башка үй-бүлө багып алган. Кийин алар колледжден таанышып, бири-бирин жактырып калышкан.
"Экөө бардык жагынан бири-бирине окшош болгондуктан, ортолорунда жактыруу сезими пайда болгон. Эгер чындыкты билгенде учурда башынан өткөрүп жаткан азапты чегишпейт эле", — деди жубайлардын эгиз экенин ДНК аркылуу аныктаган дарыгер.
Миссисипи штатында бир туугандардын баш кошуусуна тыюу салып, мындай жолго баргандарды он жылга чейин эркинен ажыратуучу мыйзам иштейт. Бирок аталган жубайлардын өзгөчө окуясы эске алынып, кылмыш жазасына тартылбай турганы белгилүү болду.