БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда катталган унааларды казак жарандары кандай тартипте колдоно аларын Алматынын Ички иштер департаменти айтып берди.
"Кыргызстанда катталып, Казакстанга 2014-жылдын 1-январына чейин киргизилген унаалар 4-экологиялык класска таандык болуп, анын блокко каршы системасы, коопсуздук жаздыгы, балдардын отургучун бекитүүчү шаймандары болсо гана Бажы Союзунун товары катары эсептелип, катталууга мүмкүнчүлүк алат", — деп жазылат билдирүүдө.
Ошол эле убакта Кыргызстан менен ЕАЭБдин аймагына тиешелүү бажы төлөмүн төлөгөн учурда Казакстанга 2014-жылдын 1-январынан кийин киргизилген унаалар ЕАЭБге таандык транспорт каражаты катары таанылат.
"Кыргызстандан киргизилген унааларды каттоо үчүн бажы органдарынын уруксаты керек. Жогоруда айтылган талаптар сакталбаган транспорт каражаттары Казакстанда каттоодон өткөрүлбөйт. Кыргыз жарандарына катталган унааларды убактылуу колдонууга уруксат берилбейт. Аталган транспорт каражаттарын айдоого Казакстандын жарандарына тыюу салынат", — деп айтылат маалыматта.
Бул талаптардын негизинде Алматы шаарында кыргызстандык номерлерди мыйзамсыз колдонгон айдоочулар ачыкка чыгарылат.