00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көлдүн өрнөгүндө арак-шарап сатууга салынган тыюу ичкендерди токтото алган жок

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүСпирт ичимдиктери. Архив
Спирт ичимдиктери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мечит жамаатынын сунушу менен ишке ашкан демилге аймакта бир топ кайчы пикирлерди жаратууда.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында мечит жамаатынын демилгеси менен спирт ичимдиктерин сатуу чектелген. Анда дүкөндөрдөгү жалпы баасы 26 550 сомду түзгөн сыра, арак өңдүү спирт ичимдиктери канализациялык кудукка төгүлүп, жок кылынган.

Бирок айрымдар аталган демилге ичимдик ичкендердин аягын тыйбаганын айтып жатат. Мындан сырткары, сооданын солгундашына нааразы болгон дүкөнчүлөр да четтен чыгууда.

Аталган айылда төрт жылдан бери дүкөн иштеткен Майрамбек Акылбеков тыюу салынгандан бери жарандар коңшу айылдардан запастап ичимдик сатып ала баштаганын билдирди.  

"Бизди чектегени менен коңшу айылдарда ачык эле сатылууда. Каалагандар ошол жакка барып төрт-беш шишени бир алып келип алышат дагы аны бир убакта ичип алып ого бетер мас болуп жатышат. Ичкендер ичип эле жүрөт, баары бир токтото албайт экенсиң. Мындан улам айрым дүкөндөр жашырып сатууга өтө баштады", — деди Акылбеков.

Айылдагы дагы бир дүкөн ээси Айгүл Мамбетова демилгени ишке ашыруу үчүн мындай тыюуну айыл өкмөт боюнча коюш керек экенин белгиледи.

Спирттик ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган кыргыз айылдары
"Биздин дүкөн мечиттин жанында болгондуктан арак-шарап сатпоону өз эркибиз менен эле колдогонбуз. Бир чети мага жакты, түнкүсүн келип эшик каккан мастар жок тынч отуруп калдык. Бирок ошентсе да ичкендердин баары бир чакырым ары жактагы Чоң-Сары-Ой айылына каттап жатат. Ошон үчүн баарына тегиз болсун десек, жок дегенде айыл өкмөт боюнча тыюу салыш керек болчу", — деди соодагер. 

Өрнөк айылынын башчысы Хамза Мамбеталиев бул тууралуу дүкөн ээлери арызданбаганын жана бул элдин өзүнүн чечими болгонун билдирди.

Ал эми айыл имамы Муслидин Нарматов мечит жамаатына дүкөнчүлөрдүн баары макул болуп кол коюп бергенин баса белгиледи.

"Айылда мурдагыдай уруш-тополоң, ызы-чуу жок тынч эле болуп калганы байкалып жатат. Биз чектегенден кийин ичкендер көбөйүп жатат дегендерге кошулбайм. Бул демилгени ишке ашырууга коңшу айылдар да аракет кылып, бирок натыйжа бербей калды", — деди Нарматов.

Белгилей кетсек, Өрнөк айылында 10 дүкөн бар, жалпы 240 түтүн эл жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0