Атабаев: айт намазды эски аянтта окуу пландалууда
Быйыл орозо айт намазды эски аянтта окуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Анын айтымында, орозо айт 25-июнь күнү деп белгиленген.
"Азырынча намазды эски аянтта окуу пландалууда. Бирок эртең мэрияда ушул маселе боюнча жыйын болуп, акыркы чечим кабыл алынат", — деди Атабаев.
Ал айт намазынын алдын ала түзүлгөн программасы төмөнкүчө болоорун айтты:
- 06:30 — Баян айтуу башталат;
- 07:00 — Муфтийдин куттуктоосу;
- 07:20 — 07:30 Өкмөт өкүлдөрүнүн куттуктоосу;
- 07:30 — Айт намазы окулуп башталат.