БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Террорчулукка каршы өткөрүлгөн 2016-жылдагы иш-чаранын алкагында эл аралык үч террордук уюмдун мүчөсү жок кылынып, республика боюнча 17 терактыны алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында КРдин Коопсуздук Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Кыргызстанда өткөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Террорчулукка каршы уюштурулган Бишкек форумунда айтты.
Жумакадыров террорчулук — чыныгы коркунуч жаратчу жагдай экенин баса белгиледи.
"Биз террордук аракеттерге каршы турушубуз керек — бул бир эле мамлекетке эмес, цивилизициялык өлкөлөрдүн бардыгына тиешелүү тапшырма. Биз арсеналдын жайылышын жана жаман ниетин жүзөгө ашырууну көздөгөн эл аралык террордук аракеттерди дайым көзөмөлдөп турабыз", — деди ал.
"Республика боюнча 17 терактыны алдын алуу иштери жүргүзүлүп, экстремисттик жана террорчулук боюнча 95 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган", — деди Жумакадыров.
Ал ошондой эле Кыргызстандагы радикалдашуу менен жана экстремизмге байланышкан көйгөйлөр ондогон жылдар диний чөйрөнүн өнүгүүсүн социалдык көрүнүш катары кабыл алынып маселеге көңүл бурулган эместигин айтып, айрым учурларда көйгөй четке чыгып калып келгендигин белгиледи.