00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте азандын үнү акырындады, кезек Ошто

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азан элге угумдуу болушу үчүн учурда мукам үндүү азан айтуучулар даярдалууда

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мечиттерде кечки жана таңкы азандын үнү акырындатылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шаар тургундарынан азандын үнүнүн катуулугуна даттанган арыздар түшкөн.

"20-июль күнү Бишкек шаарындагы бардык мечит кызматкерлери, имамдар, муфтияттын аппарат жетекчиси, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү. Анда мечиттерге бирдиктүү азан айтуу тартиби жана анын үнү тууралуу тапшырмалар берилди", — деди Атабаев.

Церемония перезахоронения останков казанских ханов - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкекте дин тутуу мыйзамы талкууланат
Ал ошондой эле шарт боюнча азандын үнү 40 децибелден ашпашы керектигин билдирип, учурда бир нече мечитте бул көрсөткүчтөн ашып кеткен азан үнү азайтылганын кошумчалады.

"Күндүзгү азандын эң бийик үнү 40 децибелге чейин жетсе болот. Ал эми кечки жана таңкы азандардыкын андан алдаканча төмөндөттүрдүк. Албетте, мындан кийин мусулмандар коомчулугунда азанды укпай калып жатабыз деп кайрылышкандар дагы болду. Бирок биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Биз үчүн мамлекеттин коопсуздугу, элдин бейпил турмушта жашашы маанилүү", — деди маалымат катчы.

Ошондой эле азан элге угумдуу болушу үчүн атайын мукам үндүү азан айтуучулар даярдалып жатканын айтып, дал ушундай иштер жакынкы арада Ош шаарында жүргүзүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, 40 децибел үндүн турак жайлар үчүн нормадагы бийиктиги болуп саналат. Адатта 40 децибелдик үн чыгарууга эртең мененки 7ден баштап түнкү 11ге чейин уруксат берилген.  

Жаңылыктар түрмөгү
0