Жаңы салынган веложолдун ачылышы жакынкы күндөргө пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Талант Канатбек уулу билдирди.
Маалымат катчы өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына веложолдун асмандан тартылган видеосун жүктөдү.
"Ош шаардык мэриясы тарабынан демилгеленип жана каржыланган жолдун курулушу аягына чыкты. Ак-Буура дарыясын бойлой салынган жол Токтогул сейил багынан тарта Навои сейил багынын ортосуна чейин созулат", — деди Канатбек уулу.
Веложол бир гана велосипед сүйүүчүлөр үчүн эмес, бардык шаар тургундарына эс алуу аймагы катары курулду. Анткени долбоордун алкагында бир нече сквер, Ак-Буура дарыясына көпүрө жана спорттук аянттар түштү. Дагы эки объектинин курулуш иштери бүткөнү турат.