ОШ, 30-авг. — Sputnik. Сирияда согушка катышып келди делинген шектүүнүн үйүнөн ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
"20 жаштагы жигит 2016-жылы Россия аркылуу Сирияга барган. Ал "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террордук уюмунун атынан Сириядагы согушка катышкан. Ал жакта Мустафа каймана аты менен жүргөндүгү белгилүү болду. Шектүү 2017-жылдын 13-июлунда Стамбул — Бишкек каттамы боюнча Кыргызстанга келген", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү 26-август күнү укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Жашаган үйү тинтүүгө алынып, бөлмөсүнөн террордук уюмдар менен байланышка чыгып турган компьютери, ок атуучу курал, дисктер табылып, учурда теологиялык экспертиза дайындалды.