БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин ачылышына жана ремонт иштерине 267 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова маалымат жыйын учурунда билдирди.
![Начальник Управления образования мэрии Бишкека Мейрманова Сауле Начальник Управления образования мэрии Бишкека Мейрманова Сауле - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103525/93/1035259394_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_e657053acecccdfe111a2635f0f6f18f.jpg)
Аталган жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өттү.
"Мектептердеги окуучулардын саны нормадан ашык. Бирок быйыл мурда авариялык абалда турган объектилердин ишке кириши күтүлүүдө. №44, 28, 10 жана 25 мектептер жакын арада эксплуатацияга берилет. Ошондой эле башка мектептерде дагы ремонт иштери жүрүп жатат, ага 169 миллион сом бөлүнгөн. Окуу объектилерин оңдоо жана реконструкциялоого 267 миллион сом каралган", — деди Мейрманова.
Мэриянын маалыматына караганда, борбор калаада 95 муниципалдык мектеп бар. Окуу жылынын аягына чейин "Ак-Ордо" конушунда 960 жана 800 орундуу мектептер ишке берилет. Ошондой эле "Мурас-Ордо" конушуна 450 орундуу мектеп куруу пландалып жатат.
Жалпысынан курулуш иштеринен кийин борбор калаада 4250 окуучулук орун пайда болот.