БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу улуттук Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында "Туризмди чагылдырган мыкты ата мекендик ЖМК" номинациясы боюнча экинчи орунду ээледи.
Конкурска туристтик компаниялар, операторлор, мейманкана жаатында иш алып баргандар, санаторий-курорттук мекемелер, туризм тармагындагы инновациялык долбоорлордун жетекчилери, Кыргызстандагы чет элдик мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, гиддер, фотографтар катышты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги калыстардын сынына сайтка чыккан туризмге багытталган лонгриддерин, атайын долбоорлорун, инфографика, сүрөт түрмөктөрүн сунуштаган.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина редакция үчүн туризм тармагы башкы темалардын бири экенин белгиледи.
"Өлкөнү жакшы жагынан көрсөтүү керектигин биз жакшы түшүнөбүз. Интернет-портал катары биздин мүмкүнчүлүгүбүз көп, андан сырткары, чет элдик туристтерди тартууда салымыбыз бар. Биздин "Кыргызстанга саякат" аттуу жол көрсөткүчүбүздөн өлкөнүн эң кооз жерлери тууралуу маалыматтарды, сүрөт, видеолорду таба аласыз. Ал англисчеге которулуп sputniknews.com сайтына Trip to Kyrgyzstan деп жарыяланды. Уюштуруучулардын сыйлыгына жана берген жогорку баасы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз", — деди ал.
Sputnik Кыргызстан 2014-жылдын декабрь айынан тарта иштей баштаган. Өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды кыргыз, орус тилдеринде 24 саат бою берип турат. Ошондой эле агенттиктин радиосу жана акыркы заманбап техника менен жабдылган мультимедиалык борбору бар.